Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) Европадагы басма сөз эркиндиги үчүн жоопкер кызматкери Орусия менен пост-советтик жумурияттардын жетекчилигинен журналисттерди куугунтуктоону токтотуусун талап кылды. «Эхо Москвы» радиосунда сүйлөгөн сөзүндө Фраймут Дуве Орусиянын парламенттик шайлоону чагылдырууга чектөө киргизген мыйзамын сынга алды. Дуве Түркмөнстандагы абал баарынан начар, президент Сапармурад Ниязов маалымат каражаттарын өзү билгендей калчап жатат деп айтты. Ошондой эле Дуве кошуна Өзбекстанда журналисттер таяк жеп, кыйноолорго дуушар кылынган учурлар бар экенин билдирди. ЕККУнун өкүлү Беларуста журналисттерге каршы жасалып жаткан укук бузууларга да токтолду.