Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июнь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:20

Сирия АКШ менен белгилүү шартта кызматташканга даяр


ДАМАСК. Сириянын тышкы иштер министри Фарук аш-Шара Дамаск АКШ менен белгилүү шартта гана кызматташканга даяр экенин билдирди. Бул билдирүү АКШнын тышкы иштер министри Колин Пауэл: "эгерде Сирия АКШ менен жакшы мамиледе болгусу келсе, Вашингтон менен жигердүү кызматашуусу керек", - деп айткандан кийин жасалып отурат. Бүгүн Дамаскта Еврошериктештиктин комиссары Крис Паттен менен өткөргөн прессконференцияда аш-Шара Сирия Кошмо Штаттар менен орток алакасы логикага жана реалдуулукка жарашканда гана кызматташа турганын билдирди. Пауэлл согушкерлердин чек арадан өтүп, Иракка кирүүсүнө Сирия жетиштүү бөгөт койбой жатат деп айыптаган.

XS
SM
MD
LG