Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:54

Британия Ирактагы негизги максаты коопсуздукту калыбына келтирүү экенин билдирди


БАГДАД. Британиянын Ирактагы атайын өкүлү Жереми Гриинсток анын негизги максаты өлкөдө коопсуздукту калыбына келтирип, ирактыктардын нормалдуу турмушка кайтып келүүсүн камсыздоо экенин айтты. Жакында Британиянын БУУдагы элчиси болуп дайындалган Гриинсток анын максаты АКШнын Ирактагы убактылуу администрациясынын өкүлү Поль Бремерди колдоо экенин билдирди. Гриинсток Иракты жакын арада ирактыктарга кайтарып берүүгө үмүттөнүп жаткандыгын айтты. Ошону менен катар ал коопсуздукту камсыздоо үчүн Ирактын тартип сактоо органдарына бийлик берүү керек экенин белгиледи. Жакында Британия Иракка дагы 1200 солдатын жиберет. Ошентип, Иракта британ аскерлеринин саны 11 миңге жетмекчи. Ал эми, анын аралыгында, Ирак мунай экспорттоочу өлкөлөрдүн уюму ОПЕКке өзүнүн делегациясын жибергени жатканы маалымдалды. ОПЕКтин жыйыны кээлерки жумада болот.

XS
SM
MD
LG