ВАШИНГТОН. АКШ Иранды МАГАТЭнин талабын урматтоого чакырды. АКШнын мамдепартаменти өзөктүк маселеге байланышкан проблема боюнча Тегеран тарабынан карама каршылыктуу билдирүүлөр жасалып жатканын айтты. Өткөн жумада Атомдук Энергетика Агенттиги Иранга 31-октябрга чейин убакыт берип, өлкө өзөктүк куралдарды чыгарууга аракеттенүүдө деген АКШнын шектенүүлөрүн иш жүзүндө төгүнгө чыгаруусун талап кылган. МАГАТЭнин кеңсеси жайгашкан Венада өткөн бул жыйындан Ирандын делегациясы чыгып кетип, өлкө МАГАТЭ менен кызматташуусун токтотуусу мүмкүн экенин билдирген. Бирок дүйшөмбү күнү өлкөнүн вице-президенти Голамреза Агазаде Иран өзөктүк иликтөөлөр боюнча алган эл аралык милдеттенмелеринен тайбай турганын билдирди.