Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:09

«Кыргызалтын», «Кыргызнефтегаз», «Кыргызполиграфкомбинат» ишканалары стратегиялык обьекттердин тизмесине кирди


БИШКЕК. Бүгүн Мыйзам чыгаруу жыйыны «2001-2003-жылдар үчүн мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү программасын бекитүү тууралуу» токтомго өзгөртүү киргизди. Бул өкмөттүн демилгесине ылайык жасалды. Программа боюнча Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Равшан Жээнбеков маалымат берди. Анын айтымында, «Кыргызалтын», «Кыргызнефтегаз», «Кыргызполиграфкомбинат» акционердик коомдору менчиктештириле турган ишканалардын тизмесинен алынып, стратегиялык обьекттердин курамына кирди. Аларды менчиктештирүү мындан ары парламенттин эки палатасынын тең макулдугуна жараша ишке ашат. Келээрки жылдар үчүн мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү программасы эмдиги жылы сунушталат.


Кабарлар топтомун Бишкектен даярдагандар – Бурулкан Сарыгулова жана Бакыт Аманбаев

Редактор – Жыргалбек Касаболотов

XS
SM
MD
LG