БИШКЕК. АКШнын Мамлекеттик департаментинин элчилик фонду Кыргызстандагы качкындардын балдарына көмөк көрсөтүүчү долбоорду колдоого киришти. АКШнын Мамдепартаменти менен АДРА уюму аркылуу ишке ашып жаткан бул долбоорго ылайык качкындардын балдары окуп жаткан Чүй, Баткен жана Ош облустарындагы 20 мектепке спорттук жарак-жабдыктар бекер бериле турган болду. Бул мектептерде жалпысынан 11568 бала окуйт жана спорттук жабдыктар жалпы окуучулардын пайдалануусуна берилет. Качкындардын балдары окуган мектептердин басымдуу бөлүгү Чүй облусунда жайгашкан. АКШнын Кыргызстандагы элчиси Стивен Янг баштаган өкүлдөр спорттук буюмдарды тапшырууну бүгүн Жаңыжер айылынан башташты.