Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:20

Оппозиция тарабынан иштелип чыккан документти басуудан Кыргызстандагы массалык маалымат каражаттары баш тартышууда


БИШКЕК. «Акаевди кызматтан кетирүү жана эл үчүн реформа жасоо» кыймылы тарабынан иштелип чыкккан, Кыргызстандын социалдык-экономикалык жана саясий түзүлүшүнүн негиздери тууралуу концепцияны өлкөдөгү массалык маалымат каражаттары жарыялоодон баш тартышууда. Бул тууралуу бүгүн «Азаттыкка» кыймылдын төрагасы Азимбек Бекназаров билдирди. Анын айтымында, документти басуудан баш тарткандардын арасында «Республика», «Аалам», «МСН», «Агым» сыяктуу эркин гезиттер да бар. Басылмалар өз чечимин концепциянын өтө эле көлөмдүү болгону жана бийлик аларды жаап салышы мүмкүн экендиги менен түшүндүрүшүүдө. Кыргызстандын социалдык-экономикалык жана саясий түзүлүшүнүн негиздери тууралуу концепция «Акаевди кызматтан кетирүү, эл үчүн реформа жасоо» кыймылынын өкүлдөрү тарабынан иштелип чыккан. Ал 23-августта Аксы районунда өткөн Үчүнчү элдик курултайда кабыл алынган.

XS
SM
MD
LG