Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:20

А.Эркебаев «атайын кийимди мамлекет кызматчыларына эмес, мектеп окуучуларына кийгизген оң» деп эсептейт


БИШКЕК. Кыргыздардын дүйнөлүк II курултайында кабыл алынган Демократиялык кодекс - конституциялык негизи жок, жөн гана саясий же моралдык мүнөздөгү документ. Өлкөдө парламент тарабынан кабыл алынбаган ар кандай документ укуктук мүнөзгө ээ болбойт жана аны милдеттүү түрдө аткаруунун зарылдыгы жок. Бүгүн Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасы Абдыганы Эркебаев журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып ушундай пикирин айтты. «Ошондой болсо да, мындай иш-чара президент А.Акаевдин демилгеси болгондуктан мен аны колдойм» деп кошумчалады А.Эркебаев. Ал аткаруу бийлиги мамлекеттик кызматкерлер үчүн тиктирип жаткан атайын кийим тууралуу да өз пикирин билдирди. Анын айтымында, мындай иш-чарага кеткен чыгымды жана анын укуктук жагын эске алып, бир түрдүү кийимди мамлекет кызматчыларына эмес, мектеп окуучуларына кийгизүү дурус болмок. Мындан бир нече күн илгери президент А.Акаев мамлекеттик кызматкерлерге атайын кийим кийгизүү тууралуу жардыкка кол койгон.

XS
SM
MD
LG