Ясир Арафатты Палестинадан айдап чыгуу тууралуу Израилдин ниетин токтотуу талабы билдирилген БУУнун Коопсуздук Кеңешинин чечимине АКШ вето койду. АКШнын БУУдагы элчиси Жон Негропонте Вашингтон долбоорго терроризмди айыптаган бөлүм киргизилбегендиги үчүн вето койгонун билдирди. АКШ Израилдин Палестин аймактарында жөөт айылдарын курууну токтотуу максатында Израилге бериле турган жардамды кыскартаарын билдирүүдө. Мамлекеттик департаменттин маалыматы боюнча, Израилге 1 млрд 600 млн доллар жардам берүү каралган, бирок анын канчасы кыскартылатары белгисиз.