Швециянын тышкы иштер министри Анна Линдди өлтүргөн деп шектелген киши кармалды. Бул тууралуу шейшембиде кечке жуук Швециянын полициясы маалымдады. Стокгольм полициясынын өкүлү Курт-Эрик Хансондун айтымында, шектүү киши шаардын түндүгүндөгү Раасун стадионунун ресторанында кармалды. Швециянын тышкы иштер министри өткөн жумада Стокгольм шаарынын дүкөндөрүнүн биринде белгисиз кишинин бычак сайуусунан набыт болгон эле. 46 жаштагы Анна Линд Швециянын келечектеги премьер-министри катары каралып жаткан.