Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:37

Баткенде Кыргызстан менен Өзбекстандын облустарынын, райондорунун жана шаарларынын жетекчилери жолугушту


БАТКЕН. Облустук акимчиликтен бүгүн алынган маалыматка караганда, жолугушууга Баткен облусунун губернаторунун биринчи орун басары Максат Дыйканов, Кадамжай, Баткен райондорунун жана Кызылкыя шаарынын башчылары катышты. Ал эми Өзбекстан тараптан жолугушууга Фергана облусунун акиминин биринчи орун басары Акрам Инаятов, Фергана, Сох райондорунун жана Кубасай шаарынын акимдери келишти. Эки тараптуу бул жолугушууда экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү, жаратылыш ресурстарын натыйжалуу колдонуу, достукту жана кызматташтыкты чыңдоо сыяктуу маселелер талкууланды. Достук маанайда өткөн бул кездешүүнүн соңунда тараптар мындан ары тез-тез жолугуп туруу жөнүндө макулдашты. Кийинки жолугушууну эмки айда Өзбекстандын Сох районунда өткөрүү белгиленди.


Кабарлар топтомун Бишкектен даярдагандар – Бурулкан Сарыгулова жана Бакыт Аманбаев

Редактор – Жыргалбек Касаболотов

XS
SM
MD
LG