Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:59

Эл аралык финансы уюмдары Кыргызстандагы чакан жана орто ишкердикти колдоого 3 млн. доллар бөлмөк болушту


БИШКЕК. Европа Кайра куруу жана Өнүктүрүү Банкы, Эл аралык Каржы Корпорациясы Кыргызстанга 3 млн. доллар бөлүшөт. Бул боюнча келишимге кечээ ушул уюмдардын Кыргызстандагы өкүлдөрү менен «Кыргызстан» коммерциялык банкынын жетекчиси кол коюшту. Бөлүнгөн акча өлкөнүн бардык тармактарындагы чакан жана орто бизнести каржылоого жумшалат. Буга чейин Эл аралык каржы корпорациясы Бишкектин аймагындагы чакан ишканаларга 2,5 млн. Доллар өлчөмүндө кредит бөлгөн.

XS
SM
MD
LG