Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:35

Кыргызстандын мурдагы жетекчилери өз кепилдиктеринен пайдалана башташты


БИШКЕК. Бүгүн Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин мурдагы биринчи катчылары, азыркы депутаттар Турдакун Усубалиев менен Абсамат Масалиевге Социалдык фонддун төрагасы Акматбек Келдибеков Социалдык фонд бөлө турган атайын каражат жөнүндө буйрукту тапшырды. А. Келдибековдун бүгүнкү сөзүнө караганда, буйрук жаңы кабыл алынган мыйзамга ылайык чыкты. Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны «Кыргыз ССРинин партиялык жетекчилеринин айрым категорияларына кепилдиктер жөнүндөгү» мыйзамды быйыл 26-июнда кабыл алган. Ага президент жайында кол койгон. Жардыкка ылайык мурдагы биринчи катчылар Турдакун Усубалиев менен Абсамат Масалиев азыркы депутаттык айлыгынын 75% кошумча каражат катары алууга акылуу.

XS
SM
MD
LG