Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:27

Кыргызстан Атом энергетикасы боюнча эл аралык агенттикке мүчө болду


БИШКЕК. Кыргызстан Атом энергетикасы боюнча эл аралык агенттиктин (МАГАТЭ) 137-мүчөсү болуп кабыл алынды. Бул тууралуу МАГАТЭнин 15-сентябрдан 19-сентябрга чейин Венада өтүп жаткан 47-Башкы конференциясында агенттиктин башчысы Мохамед эл-Барадейи билдиргенин Тышкы иштер министрлигинин кызматкери Арслан Үмөталиев жана Кыргызстандын Венадагы элчилиги маалымдады. Буга чейин Кыргызстандын МАГАТЭге мүчө болушу тууралуу документ Жогорку Кеңештин эки палатасында тең ратификацияланып, ага мамлекет башчысы 10-сентябрда кол койгон. Ал эми Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынын кабарына караганда, Венада өтүп жаткан конференцияда Кыргызстандын ЕККУдагы өкүлү Аликбек Жекшенкулов сөз сүйлөдү. Ал өлкөнүн аймагында көмүлгөн уулуу заттардын калдыктары туурасында жыйындын катышуучуларына маалымат берип, бул боюнча эл аралык коомчулукту Кыргызстанга көмөктөшүүгө чакырды.

XS
SM
MD
LG