БИШКЕК. Бүгүн премьер-министр Николай Танаев өкмөт жыйынын өткөрдү. Анда инвестиция тартуу боюнча III матрицанын жыйынтыгы чыгарылып, IV матрицаны ишке ашыруунун чаралары бекитилди. Инвестицияны тартуу боюнча президенттин өкүлү, вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаевдин айтымында, III матрица 90% аткарылды. Ал буга былтыр инвестициянын өлчөмү 26%, өткөн 6 айда 16% өскөнүн мисал келтирди. Башкача айтканда, өткөн жарым жыл ичинде Кыргызстанга 43,3 млн. долларлык инвестиция тартылды. Буга чейин III инвестициялык матрицаны ишке ашыруунун жүрүшү тууралуу кыргыз өкмөтүнүн отчетун июнь айында президенттин алдындагы Чет өлкөлүк инвестициялар боюнча консультативдик кеңеш уккан. Андан соң бул маселе III инвестициялык саммитте талкууланып, канааттандырарлык деп бааланган. Инвестицияны тартуу боюнча матрицалардын ар бирине бир жылдан мөөнөт берилет.