БИШКЕК. Дүйнө жүзүндөгү укук коргоо ишмердүүлүгүнө байланышкан маселелерди укук коргоочулардын Ирландиянын Дублин шаарында өткөн дүйнөлүк конференциясы талкуулады. 10-12-сентябрда өткөн бул конференцияга Кыргызстандан укук коргоочулар Төлөкан Исмаилова, Турсунбек Акун жана Рамазан Дырылдаев катышты. Кечээ Бишкекке кайтып келген укук коргоочулардын тараткан маалыматына караганда, бул конференцияны укук коргоочулардын «Фронт Лайн» эл аралык уюму Ирландиянын жана Британиянын колдоосу менен уюштурду. 70тен ашык өлкөдөн, укук коргоочу эл аралык таасирдүү уюмдардан өкүлдөр катышкан бул конференцияда укук коргоочулар өз өлкөсүндөгү жагдай тууралуу баяндама жасашты. Кыргызстандык укук коргоочулар алардын өнөктөштөрүн бийлик коркутуп-үркүтүп, соттук териштирүүлөр болуп жатканын айтып беришти. Мисал катары алар Адам укуктары боюнча кыргыз комитетинин айланасындагы азыркы жагдайды белгилешти. Кыргызстандык укук коргоочулардын бүгүнкү маалыматына караганда, «Фронт Лайн» жана башка эл аралык уюмдар Рамазан Дырылдаевди жана ал жетектеген комитетти коргош үчүн бардык аракеттерди көрөөрүн билдиришти.