Премьер-министр Хосе Мария Азнар Триполиде Ливиянын мамлекет башчысы Муаммар Каддафи менен бүгүн эки ирет жолугуп, эртең өкмөт башчысы Шокри Ганем менен сүйлөшүү өткөрөт.
Бул - Испан өкмөт башчысынын Ливияга биринчи жолу барышы.
Соңку кезде Ливия терроризмден баш тартып, массалык кыргын куралдарын таркатпоо келишимдери боюнча эл аралык мыйзамдарды сыйлаган мамлекеттердин катарына кошулуп келатат. Май айында Ливия испаниялык мунай компаниясына жана австриялык мунай тобуна мунай-газ кендерин бургулоого уруксат берген.