Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:59

Палестиндер Арафат тууралуу резолюцияга АКШнын каршы чыгышын айыпташууда


Президент Ясир Арафатка кол тийгизип, же сүргүнгө айдабоону Израилден талап кылган Бириккен Улуттар уюмунун резолюциясына Кошмо Штаттар кечээ вето койгон эле.
Палестин кабинетинин министри Ясир Абид Раббо бүгүн "АКШнын саясаты израилдик катаң позициядагы саясатчылардын "барымтасында" калды", - деп билдирди. Ал эми Сириянын БУУдагы элчиси Мекдад кабарчыларга мындай деди:

Бул – Бириккен Улуттар уюму үчүн кайгылуу күн болуп калды. Дүйнөнүн түрдүү аймактарында, анын ичинде Жакынкы Чыгышта тынчтыкты жана коопсуздукту камсыздоодо өз ролун ойноого Бириккен Улуттарга жол бербөө - чоң жаңылыштык.

Бирок Арафат өзү:

- Биз үчүн бул чечимдин ысык-суугу жок, палестин элинин тагдыры ар кандай резолюциядан жогору турат.

АКШнын Бириккен Улуттардагы элчиси Жонн Негропонте резолюцияга "терроризмди ачык-айрым айыптабаганы" үчүн вето койгонун бышыктады:

- Биз Жакынкы Чыгыштагы тынчтык процессине "Хамас" жана башка террордук уюмдар келтирген ачык-айрым коркунучту эсепке албаган эч бир резолюцияны колдобойбуз.

Бүгүн Батыш Жээктин Наблус шаарында Израиль аскерлери аларга ок ачкан бир палестинди атып өлтүрүштү. Ушул эле шаардагы дагы бир атышууда Израилдин бир аскери жеңил жараат алды.

XS
SM
MD
LG