Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:56

Италиянын премьери өлкөдөгү жөөт жамаатынан кечирим сурады


Сильвио Берлускони жакындагы сөздөрүнүн биринде фашисттик диктатор Бенито Муссолинини коргоп, ал эч качан эч кимди өлтүргөн эмес деп билдирген эле. Жөөт жамаатынын жетекчиси Амос Луццатто премьер-министрдин үзүр сөздөрүн жетишсиз деп эсептеп, бүткүл Италиянын элинен ырасмий түрдө кечирим суроону күтүп жаткандыгын билдирди. Берлускони өз сөзүндө Муссолини боорукер диктатор болгон, душмандарын сүргүнгө “каникулга” жөнөтүп турганы гана болбосо анын колу канга малынган эмес деп айткан эле. Анын бу сөздөрү коомчулукту буркан-шаркан түшкөн нааразылыкты пайда кылды.

XS
SM
MD
LG