Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:33

Мамлекеттик тил жөнүндөгү мыйзамга компьютердик технологияларга байланыштуу алымча-кошумчаларды киргизүү сунушу Бишкекте талкууланды


БИШКЕК. Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Өмүрбек Текебаев жана окумуштуу-программист Эмил Асанов «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндөгү» мыйзамга толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуш кылышты. Буга байланыштуу бүгүн Жогорку Кеңеште жыйын өтүп, ага Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаттары жана тилчи-окумуштуулар катышты. Депутат Ө. Текебаев жана окумуштуу Э.Асанов «Мамлекеттик тил жөнүндөгү» мыйзамга «Кыргыз Республикасы мамлекеттик тилди маалымат-коммуникациялык технологиялар тармагында колдонуу жана өнүктүрүү үчүн бардык күчүн жумшайт», «Мамлекеттик тил менен иштеш үчүн программалык жана башка техникалык жабдыктар менен жабдылбаган компьютерлерди жана жазуу техникасын сатууга Кыргыз Республикасында жол берилбейт» деген эки беренени киргизүүнү сунуш кылышууда. Мындай сунуштарды Кыргызстандагы тил боюнча адистер, окумуштуулар колдоп жатышат. Кыргыз техникалык университетинин окутуучусу Эмил Асанов компьютерлерде кыргыз тилинин негизинде иштөө боюнча атайын программаны иштеп чыккан.

XS
SM
MD
LG