Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:09

Иран Ислам Республикасы Кыргызстанга гуманитардык жардам берди


БИШКЕК. Иран Ислам Республикасы быйыл жазында Ош жана Жалалабад облустарында болгон жаратылыш кырсыгынан жабыркаган жарандарга гуманитардык жардам жөнөттү. Гумжардамдын курамында 4 тонна кант, 4 тонна күрүч, 4 тонна өсүмдүк майы жана 500 даана жылуу төшөк бар. Аны тапшыруу аземи бүгүн Бишкекте өткөрүлдү. Иш-чарага Ирандын Кыргызстандагы элчиси Голям Реза Багери жана Кыргызстандын экология жана өзгөчө кырдаалдар министринин биринчи орун басары Болотбек Айдаралиев, тышкы иштер министринин орун басары Талант Кушчубеков катышты. Гуманитардык жардамды бөлүштүрүү Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигине тапшырылды.

XS
SM
MD
LG