НАРЫН. АКШнын Кыргызстандагы элчиси бүгүн Нарынга эки күндүк иш сапары менен келди. Аны адегенде губернатор Аскар Салымбеков кабыл алып, жабык эшик артында сүйлөшүү жүргүздү. Жолугушуудан соң элчи журналисттер менен маек куруп, тоолуу регион менен жеринде таанышуу, облус тууралуу кеңири маалымат алуу максатында келгенин маалымдады. Ал эми губернатордун маалымат катчысы Айсалкын Карасартова бул жолугушууда АКШнын элчиси региондогу кен байлыктарга, болочокто салына турган темир жолдун курулушуна, ЮСАИДдин программалары облуста кандай аткарылып жатканына кызыкканын айтты. Эки күн ичинде Стивен Янг ЮСАИДдин программалары менен иштеп жаткан бейөкмөт уюмдарда, Нарын мамлекеттик университетинде, көз карандысыз «Шанхай» телестудиясында, Нарын шаарындагы № 7-мектепте болот.