Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:12

Орусияда Кыргызстандын маданий күндөрү өткөрүлөт


БИШКЕК. 22-сентябрдан 25-сентябрга чейин Орусияда Кыргызстандын маданий күндөрү өткөрүлөт. Буга байланыштуу Орусияга мамлекет башчысы Аскар Акаев баштаган, курамы 200дөн ашуун адамдан турган делегация барат. Бул тууралуу бүгүнкү маалымат жыйынында мамлекеттик катчы Осмонакун Ибраимов менен билим берүү жана маданият министри Ишенгүл Болжурова билдиришти. Мамлекеттик катчынын айтымында, мындай иш-чаранын ачылыш аземине эки өлкөнүн мамлекет башчылары катышат. Андан соң Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн байыркыдан бүгүнкү күнгө чейинки тарыхын чагылдырган көргөзмө, кыргыз киносунун күндөрү, кыргыз тарыхына арналган сүрөт көргөзмөсү, жазуучу Чынгыз Айтматовдун чыгармачылык кечеси өткөрүлөт. Мындан тышкары, Кыргызстандын маданий кызматкерлери чоң программада концерт беришет. Мындай иш-чара Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгына карата өткөрүлмөкчү.

XS
SM
MD
LG