Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:11

ООНдун Башкы ассамблеясы бүгүн атайын чукул сессия өткөрөт


Арап өлкөлөрүнүн талабы менен чакырылган жыйында палестин лидери Ясир Арафатты региондон кууп чыкканы жаткан Израил өкмөтүнүн чечимине байланыштуу резолюция каралат. Коопсуздук кеңешинде аталган резолюцияга шейшемби күнү Кошмо Штаттары вето салган эле. Арап өлкөлөрү аталган документ сессияда колдоого алынат деп үмүт кылып жатышат. Бирок Коопсуздук кеңешинен айрымаланып, Башкы ассамблеянын сессиясында жактырылган документ милдеттүү күчкө ээ болбойт. Израил өкмөтү Арафаттын жарашуу жөнүндөгү сунушун четке какты. АКШнын президенти Жорж Буш региондогу тынчтык процесси Арафаттын күнөөсү менен туюкка кептелди деп билдирди.

XS
SM
MD
LG