Жолугушуу Нью-Йоркто Бириккен улуттар уюмунун Башкы ассамблеясынын алкагында өтөөрүн Вашингтондун өкүлдөрү маалымдашты. Жума күнү Берлиндеги жолугушуусунан кийин Франция менен Германиянын лидерлери Иракты калыбына келтирүү иштери ыкчамдатылып, аларды Бириккен улуттар уюму жетектеши керек деп билдиришти.
Жакынкы күндөрү АКШнын президенти Франция жана Германиянын лидерлери менен жолугушуу өткөрөт