Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:46

Швециянын киши колдуу болуп өлгөн тышкы иштер министри Анна Линд менен коштошуу митинги болуп өттү


Ага Британия, Франция, Германиянын тышкы иштер министрлери, Еврокомиссиянын президенти Романо Проди баштаган чет өлкөлүк жана швециялык ишмерлер катышышты. 10-сентябрь күнү Стокгольмдогу дүкөндө белгисиз адам бычак сайып жарадар кылган Анна Линд эртеси таңга маал операциядан кийин эсине келбей көз жумган. Швециянын премьер-министри Йоран Перссон аза күтүү каадасын ачкан сөзүндө: "Анна Линддин ой-максаттары, көз караштары эч убакта эсибизден чыкпайт, Швеция үчүн бул орду толгус жоготуу болду", - деп белгиледи. Стокгольмдун прокуратурасы Линд айымдын өлүмүнө тиешеси бар деген шек боюнча кармалган жигитти ал күнөөсүн мойнуна албаса да, эркиндикке чыгарбай туруу чечимин кабыл алды.

XS
SM
MD
LG