Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:17

Ирактын мурдагы коргоо министри колго түшүп берди


Америкалык командачылык бүгүн Мосул шаарында Ирактын мурдагы коргоо министри Султан Хашим Ахмед колго түшкөнүн ырастады. Аны менен америкалык командачылыктын ортосундагы сүйлөшүүлөргө ортомчулук кылган жергиликтүү укук коргоочу Дауд Багистани буларды билдирди:

- Сүйлөшүүлөр аркылуу уюшулган жолугушуу түшүнүшүү, өз ара сыйлашуу маанайында өттү. Америкалык тараптын өкүлү Султан Хашим менен кол алышып учурашып, "урматтуу" деп кайрылып жатты. Экс-министр аскердик формасын кийип отурду, аягында анын үй-бүлөсү жолугушууга барган америкалык генералга ыраазычылыгын билдиришти.

Өткөн түнү Ирактагы Тикрит калаасынын жанында капилет кол салуудан 3 америкалык аскер набыт болуп, экөө жараат алышкан. Фаллужада АКШнын аскердик машинеси коюп кетип, жантаслим болгон 17 жаштагы жигитти акыркы сапарга узатыш үчүн чогулган албууттанган ирактыктар нааразылык жүрүшүн өткөрүштү.

XS
SM
MD
LG