БИШКЕК. Бүгүн Ысыккөлдө Борбор Азия өлкөлөрүнүн маданий ишмерлеринин экинчи жолугушуусу аяктады. Борбор Азиялык өнөр академиясы уюштурган бул жыйында региондун маданиятын интеграциялоо стратегиясы талкууланды. Ысыккөлдөгү жолугушуунун алкагында «Улуу Жибек жолу: Чыгыш менен Батыштын диалогу» аттуу көргөзмө, Борбор Азия өлкөлөрүндөгү балдардын сүрөт көргөзмөсү, региондун көркөм кол өнөрчүлөрүнүн жарманкеси болуп, жаңы кинотасмалар көрсөтүлдү. Борбор Азия өлкөлөрүнүн маданий ишмерлеринин Ысыккөлдөгү экинчи жолугушуусуна бул өлкөлөрдүн белгилүү маданият ишмерлери, акын-жазуучулары, кинорежиссерлору жана көркөм өнөр чеберлери катышты.