Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:32

Мыйзам чыгаруу жыйынында саламаттык сактоо тармагынын абалы талкууланды


БИШКЕК. Бүгүн Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын кезектеги отурумунда Саламаттык сактоо министрлигинин азыркы абалы тууралуу сөз болду. Жыйында саламаттык сактоо министри Миталип Мамытов министрлик аткарган иштердин жыйынтыгы, бюджеттен бөлүнгөн каражат кандай пайдаланылгандыгы тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, мамлекеттик бюджеттен бөлүнгөн каражаттар Финансы министрлиги тарабынан толук берилбей, ушу тапта каржы оор абал түзүлгөн. Ал эми депутат Ташболот Балтабаев Саламаттык сактоо министрлигин реформалоо боюнча 9 программанын ишке ашпай ара жолдо калышына министрликтин уюштуруучулук мүмкүнчүлүгүнүн жоктугу себеп болгонун билдирди. Жарыш сөзгө чыгып сүйлөгөн депутаттар жылдан-жылга Саламаттык сактоо министрлигиндеги абал оорлоп баратканын, реформалардан майнап чыкпаганын, жер-жерлерде ооруканалар азайганын айтышты. Жума күнкү бул талкууда депутаттар бир жыйынтыкка келишкен жок.

XS
SM
MD
LG