Электр системасы иштен чыкты, алай-дүлөй түшкөн бороон-чапкын бак-дарактарды омкоруп,үйлөрдү кыйратты. Синоптиктердин болжолунда “Изабел” ураганы Виржиния штатын каптап, Вашингтонду жайпап өтөт,андан соң Пенсильвания аркылуу Канадага чейин куюлгуп барат. Капсалаңдын күчү биртке басаңдай баштады, бирок табигый кырсыктын коркунучу али сакталып калды.