Казакстанда бүгүн жергиликтүү шайлоо өткөрүлүүүдө. Дубандык, шаардык жана райондук кеңештердин депутаттары шайланат жана өлкөнүн 14 дубанынын ар биринен кийин алардын арасынан экиден сенатор тандалат. Бардыгы болуп жети миң талапкер катталган, шайлоого оппозициянын өкүлдөрү да катышууда, бирок алардын айтымында, добуш берүү өкмөттүн үстөмдүгү алдында өтүп жатат. Эмдиги жылы өлкөдө парламенттик, ал эми 2006-жылы президенттик шайлоо өткөрүлөт.