Латвияда бүгүн жалпы элдик референдум өткөрүлүүдө. Ага - Латвия Европа Биримдигине кошулууга тийишпи деген жалгыз суроо коюлган. Акыркы элдик сурамжылоолор көрсөткөндөй, өлкө калкынын жыйырма бешке жакын пайызы Европа менен биригүүгө каршы, бирок Латвиянын премьер-министри Эйнарс Репсенин пикиринде, референдум ийгиликтүү аяктайт: "Эл Советтер Биримдигинен качкан, алар Европа Биримдигине умтулууда, анткени СССР - тоталитардык жана коммунистик режим башкарган империя болчу. Эки уюм тең 'биримдик' деп аталганы менен, алардын маңызы такыр башка". Эмдиги жылы май айында Европа Биримдигине 10 мамлекет жаңы мүчө болуп кошулат, алардын жетөөндө референдум ийгиликтүү өткөрүлдү жана Латвиядан кийин Кипр менен Мальта гана калды.