Линктер

бейшемби, 21-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 13:07

Ирактын мурдагы коргоо министри америкалыктарга багынып берди


Ирактын мурдагы коргоо министри генерал Султан Хашим Ахмед 19-сентябрда америкалык аскерлерге багынып берди. Америкалыктар издөө салган 55 жогорку жетекчинин тизмесинде ал 27-орунга коюлган. Азыркы күнгө карата, изделгендердин кыркка жакыны же колго түштү, же өлтүрүлдү. 20-сентябрга караган түнү болсо Тикрит шаарынын алдында оор салгылашуу болуп, америкалыктар элүүгө жакын согушкерди туткунга алды, үч америкалык солдат курман болду.

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында жарыялаган онлайн сынак аяктады. Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. ​

XS
SM
MD
LG