Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:22

Жалалабад областык коммунисттер партиясынын отчеттук кайра шайлоо конференциясы өттү


ЖАЛАЛАБАД. Кыргызстан коммунисттеринин облустук комитетинин төрагасы Сейитказы Момунжанов акыркы бир жыл ичинде 12 шаар, райондордо партиялык уюмдар кайра ачылып, 20 жыйын өткөнүн билдирди. Ал аралыкта партияга 35 жашка чейинки 150 адам кабыл алынган. Момунжанов калктын 65% жакыр жашаарын белгилеп, бийлик тарабынан партия мүчөлөрүнө коркутуулар болуп жатканын айтты. Конференцияга катышкан Кыргызстан коммунисттер партиясынын төрага орун басары, депутат Николай Байло партиянын катарына жаштарды тартууга, санаалаш уюмдар менен биригип, жергиликтүү жана Жогорку Кеңешке шайлоолордо көп добуш алуу үчүн эмитеден катуу иштөөгө чакырды. «Иши канаттандырарлык» деп табылган Сейитказы Момунжанов облустук аткаруу комитетинин төрагалыгына кайра шайланды.

XS
SM
MD
LG