Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июнь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:38

Президент А.Акаевдин Орусияга иш сапары башталды


БИШКЕК. Бүгүн президент Аскар Акаев Орусия Федерациясындагы иш сапарын баштады. Кыргызстандын делегациясы Москвага Ялтада өткөн саммиттен кийин барды. Аскар Акаев Кыргызстандын Орусияда өтүүчү маданий күндөрүнүн ачылыш аземине катышуусу күтүлүүдө. Ага Орусиянын президенти Владимир Путин да катышат деген маалымат бар.
22- сентябрда Кыргызстандын мамлекеттик катчысы Осмонакун Ибраимов, жазуучу Чыңгыз Айтматов, Кыргызстандын Билим жана маданият министри Ишенгүл Болжурова жана Орусиянын Маданият министри Михаил Швыдкой Итар-ТАСС агенттигинде журналисттер үчүн маалымат жыйынын өткөрүшөт. Жыйында 22-26-сентябрда Орусияда өтүүчү Кыргызстандын маданият күндөрүнө байланыштуу маалыматтар берилет.Бул тууралуу ишембиде Итар-ТАСС агенттиги билдирди.

XS
SM
MD
LG