Орусиянын Удмуртия жумуриятынын ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдиргендей, Тажикстанда Исламдык партиянын мүчөсү деп шектелген киши тажик бийликтеринин талабы менен камакка алынды. Ал Тажикстандын жана Орусиянын расмий кызматкерлерине террористтик кол салуу уюштурган деп айыпталууда. Орусиянын ички иштер министрлиги жакында терроризмге байланышкан айыптоолор менен 230 чакты тажик атуулу кармалып, депортацияланганын кулак кагыш кылды.