Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:06

“Галилео” өз вазийпасын аяктады


Кошмо Штаттары 15 жыл мурда космоско учурган “Галилео” кемеси жекшемби күнү Юпитер планетасынын атмосфералык мейкиндигине кирди жана жашоосун токтотту же күйүп кетти.
Кеме 8 жыл бою Юпитерди жана анын үч жандоочулары тууралуу Жерге илимий маалыматтарды берип турган. Анын негизинде илимпоздор Юпитердин планеталарында туздуу деңиз бар болушу мүмкүн деген тыянака келишкен.
АКШнын космостук агенттиги НАСА кеме Юпитерди жандоочуларынын бирине кулап түшүп, ага жерден алып барган микроорганизмдерди жуктуруп коёт деп кооптонуп, аны өрттөп жок кылганды оң тапты.
“Галилео”илимий саякатка 14 жыл мурда, 1989-жылы, көп баскычтуу Атлантик кемесинен учурулган болчу.


Таңкы жаңылыктар түрмөгүн даярдаган - Амирбек Азам уулу

XS
SM
MD
LG