Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:11

Иран “Шахаб-3” ракетасын көрсөттү


Иранда бүгүн Иран-Ирак согушунун аяктаганын 23 жылдыгы белгиленип, салтанат аскерий парад менен коштолду. Парадда Израил аймагына жана АКШнын Перс булуңундагы аскерий базаларына жете турган Ирандын “Шахаб-3” ракетасы көрсөтүлдү. Ирандын президенти Мухаммад Хатами салтанатта сөз сүйлөп, АКШ жана Британияны Ирактан тезирээк чыгып кетүүгө чакырды. Ал эми өлкөнүн өзөктүк программасына токтолгон Хатами Тегеран өзөктүк куралдын жайылышына каршы экенин, бирок Ирандын алдыңкы технологияга ээ болуу укугун эч ким чектей албасын билдирди. Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттик жакында Ирандан өзөктүк куралга керектелчү байытылган урандын калдыгын таап, 31-октябрга чейин өзөктүк программасын ачыкка чыгарууну Тегерандан талап кылган.

XS
SM
MD
LG