Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:10

Жакынкы Чыгышта атышуу токтобой жатат


Бүгүн Батыш Иордандагы Хеврон шаарында жөөт аскерлери менен куралчан палестиндер ортосунда атышуу болду. Андан бир палестин окко учту. Палестин тараптын маалыматы боюнча, ал Хамас уюмунун мүчөсү болчу. Израил тарап бул уюмдун мүчөлөрүн жок кылууну максат кылып койгон. Палестинанын премьер министри Ахмед Курейи Палестин аймагында мыйзамсыз куралдын айланышын токтотууга аракет кылаарын билдирип, бирок согушчул топторду куралсыздантуу тууралуу эч нерсе айткан эмес. Израил тарап тынчтык сүйлөшүүлөр кайра башталышы үчүн Палестиндеги согушчул топторду жоюуну талап кылууда.

XS
SM
MD
LG