Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:26

АКШ президенти БУУнун Ассамблеясында сөз сүйлөйт


АКШнын президенти Жорж Буш Иракка кол салууну БУУнун Коопсуздук Кеңеши колдобогонуна карабай, ал туура кадам болгонун Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясында билдирээрин Fox News телеканалына берген интервьюсунда жарыялады. Жорж Буштун айтымында, Иракта БУУга көп укуктун берилишинин кажети жок. Бирок Улуттар Уюму Ирактын жаңы конституциясын жазууда жана шайлоолорду өткөрүүдө жардам берет. Президент Жорж Буш БУУнун Башкы Ассамблеясында шейшемби күнү сөз сүйлөйт. АКШнын Ирактагы администрациясынын башчысы Пол Бремер Ирак эли толук эгемендүүлүк алганга даяр эмес деп билдирди. Анын айтымында, Ирак лидерлерине бийлик өлкөдөгү шайлоодон кийин өткөрүлүп берилет.

XS
SM
MD
LG