БИШКЕК. Кыргыз өкмөтү Кыймылсыз мүлктөн салык алуунун, аны бюджетке төлөөнүн жана салык төлөөчүлөрдүн арыздарын кароонун тартиби жөнүндөгү типтүү жобону бекитти. Мындай маалымат бүгүн өкмөттүн басма сөз кызматынан алынды. Ал маалыматка караганда, Кыймылсыз мүлккө ээлик кылуу укугун каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин жер-жерлердеги бөлүмдөрү мындан ары ушул типтүү жобонун негизинде иш алып барышат.
Кабарлар топтомун Бишкектен даярдагандар - Бүбүкан Досалиева жана Бакыт Аманбаев
Редактор – Жыргалбек Касаболотов
Кабарлар топтомун Бишкектен даярдагандар - Бүбүкан Досалиева жана Бакыт Аманбаев
Редактор – Жыргалбек Касаболотов