Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:35

Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жалалабад облусундагы башкармалыгы билдирүү таратты


ЖАЛАЛАБАД. Башкармалыктын билдирүүсү боюнча, облуста 1148 үй-бүлѳ жер кѳчкү жана суу ташкыны күтүлгѳн коркунучтуу аймактарда жашап турат. Башка жерге кѳчүп кетүүгө тийиш болгон атуулдардын бардыгына эле жеңилдетилген ссуда берүүгѳ мүмкүн болбой жатат. Быйыл ѳкмѳттүн Турак-жай департаментинен Сузак, Базаркоргон району менен Майлысуу шаарындагы үй-жай курууга муктаж атуулдарга 1 млн. 568 миң сом ссуда берилген. Бирок андай жардамга облуста дагы 282 үй-бүлѳ зарыгууда. Жаз айларында катталган жер кѳчкү, суу ташкыны сыяктуу табият кырсыктарынан облустун экономикасы 66 млн. сомго жакын зыян тартты. Быйыл жыл аягына чейин дарыялардын жээктерин тосуу жана дамбаларды оңдоо, курулуш иштери пландаштырылган. Бирок каражаттын тартыштыгынан улам бул иштердин да бүтүшү кыйын болуп турат. Анткени мындай ишке зарыл болгон каражаттар облуска толук берилген эмес.

XS
SM
MD
LG