Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:10

Баткен облусунун акимчилиги Өзбекстандын Фергана облусунун жетекчисине кат жолдоду


БАТКЕН. Облустук акимчиликтин укук коргоо жана коргонуу бөлүмүнөн бүгүн алынган маалыматка караганда, бул каттын жазылышына өзбек чек арачыларынын кыргыз атуулдарына карата орой мамилеси себеп болгон. Атап айтканда, быйыл 11-сентябрда Кадамжай районунун Алга айылынан чыга бериштеги өзбекстандык «Нефтепром» чек ара бекетинде кыргыз жүргүнчүлөрдүн документтерин текшерип жаткан өзбек чек арачыларынын бирөө эч бир себепсиз эле бир кыргыз атуулу менен кармашып кеткен. Ботоев аттуу кыргыз атуулу аларды ажыратмакчы болгондо, жанында турган өзбек жоокери аны башка муштап, бутуна тээп жиберген. Натыйжада Ботоев ушул жерде эс-учун жоготуп койгон. Учурда ал Кадамжай райондук ооруканасында дарыланууда. Катта бул окуя өзбек чек арачыларынын кыргыз атуулдарына жасаган мыйзамсыз жоруктарынын дагы бир далили экени эскертилген. Баткен облусунун жетекчилиги Фергана облусунун жетекчилигин мындай аракеттерди тезинен тыюуга жана ошол күнү чек ара бекетинде турган жоокерлерге тиешелүү чара көрүүгө чакырган.

XS
SM
MD
LG