Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Сентябрь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:06

Кыргызстанда Тез аракеттенүүчү жамааттык күчтөрдүн аскер башчыларынын машыгуусу болот

БИШКЕК. Жамааттык Коопсуздук Келишимине кирген өлкөлөрдүн Тез аракеттенүүчү жамааттык күчтөрүнүн аскер жетекчилеринин машыгуусу Кыргызстанда 23-сентябдан 26-сентябрга чейин өткөрүлөт. Ага Казакстандын, Орусиянын, Тажикстандын жана Кыргызстандын өкүлдөрү катышат. Машыгууга Тез аракеттенүүчү күчтөрдүн колбашчысы генерал-майор Сергей Черномордин жетекчилик кылат. Машыгуунун катышуучулары төрт күн бою аскердик кырдаал шартында жоокерлерди башкаруунун ыкмаларын аткарышат.
XS
SM
MD
LG