Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:39

Дүйшөмбүдө КМШ өлкөлөрүнүн ички иштер министрлеринин жыйыны башталды


БИШКЕК. Бүгүн Дүйшөмбүдө Көз каранды эмес Мамлекеттер Шериктештигине кирген өлкөлөрдүн ички иштер министрлеринин отуруму башталды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Анын маалыматына караганда, жыйында Шериктештиктин аймагындагы кылмыштуулукка, терроризмге, экстремизмге жана баңгизат сатууга каршы биргелешип күрөшүү маселелери талкууланат. Отурумда КМШнын Баңгизат соодасына каршы күрөш борборун түзүү маселеси да каралмакчы. Бул жыйынга Кыргызстандын ички иштер министри Бакирдин Субанбеков катышууда.

XS
SM
MD
LG