Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:55

Ф.Кулов өзүнө коюлган күнөөнү мойнуна албай турганын билдирди


БИШКЕК. Бүгүн «Арнамыс» партиясынын Интернеттеги барагына партиянын азыр түрмөдө жаткан лидери Феликс Куловдун окурмандар менен маеги жарыяланды. «Арнамыстын» башчысы Кыргызстандын ички-тышкы саясатына жана өзүнө байланыштуу бир катар суроолорго жооп берген. Ф. Куловдун пикиринде, Кыргызстандын коопсуздугун сактоо өңүтүнөн алганда Орусиянын аскердик базасын Кантка эмес, Ошко же Баткенге жайгаштыруу оң болмок. Ал эми «Кыргызстандагы коррупция менен кантип күрөшүш керек?» деген суроого: «Балык башынан сасыйт. Баштагы чирикти денеге таратпаш үчүн адегенде балыктын башын кесиш керек» деп жооп берген. Мындан тышкары, Кулов өзүнүн мыйзамсыз түрдө камалганын жана өлкө жетекчисинен эч качан күнөөсүн мойнуна алып кечирим сурабай тургандыгын кошумчалаган. Анын айтымында, президент Аскар Акаев «Мунапыс тууралуу» мыйзамга да камакта жактан Куловдун боштондукка чыгышынан чочулап, кол коюудан баш тартты.

XS
SM
MD
LG