Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:54

Кыргызстандын өкмөт башчысы ШКУнун жыйынына катышканы Бээжинге кетти


БИШКЕК. Бүгүн Кыргызстандын премьер-министр Николай Танаев баштаган делегациясы Шанхай Кызматташтык Уюмуна (ШКУ) кирген мамлекеттердин өкмөт башчыларынын эртең Бээжинде өтө турган жыйынына катышканы Кытайга жөнөп кетти. Өкмөттүн басма сөз кызматы берген маалыматка караганда, жыйын эки бөлүктөн туруп, биринчисине жалаң өкмөт башчылары катышат. Экинчиси кеңейтилген масштабда өткөрүлүп, анда бирдиктүү коммюникеге кол коюлат. Премьер-министрлердин жыйынында ШКУнун 2004-жылдагы бюджети жана уюмдун регионалдык антитеррордук борборунда иштей турган кызматчылардын саны такталат. Бул маселелер кеңейтилген жыйында да талкууланып, кеңсеси Ташкенде жайгаша турган антитеррордук борбор боюнча пикир алышуу болот. Кыргызстандын делегациясы бүрсүгүнү Кытайдын Шиңжаң уйгур автономиялуу районуна барат. Николай Танаев райондун губернатору Исмаил Телиберди менен жолугушуп, Кыргызстан менен райондун ортосундагы кызматташтык тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Маалыматка караганда, Шинжаңда эч кандай документке кол коюлбайт.

XS
SM
MD
LG