Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:03

Tүркмөнстандын президенти шаар акимин иш менен жазалоону сунуш этти


Президент Ниязовдун ырастоосунда, Каспийдин жээгиндеги Түркмөнбашы шаарынын акими Аширберди Черкезов мамлекеттик менчикти, анын ичинде деңиз флотунун кемесин жана электр бекетин мыйзамсыз жеке менчиктештирип алган. Ошондой эле Түркмөнбашы шаарында жана Ашхабадда 200дөн ашык жер аянтын жана турак-жайларды урук-туугандарына бердирген.
Кызматынан кыянаттык менен пайдаланып, мыйзам бузган акимди президент иш менен жазалоону сунуш этти. Тактап айтканда, ал айдоо жер алып, аны иштетип, айыбын эл алдында маңдай тери менен акташы керек.


Кечки жаңылыктар топтомун даярдаган - Жаңыл Жусубжан, Прага

XS
SM
MD
LG