Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Август, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:26

Бишкекте эл аралык көргөзмө-жармаңке болот

БИШКЕК. 3-октябрдан 7-октябрга чейин Бишкектин Спорт сарайында «Бишкек-2003» аттуу эл аралык көргөзмө-жармаңке болот. Бул тууралуу бүгүн «Кыргызинтерэкспо» көргөзмө борборунун төрагасы Шамил Рысалиев кабарлады. Анын маалыматына караганда, көргөзмө-жармаңкеге Түркиянын, Орусиянын, Индиянын, Беларустун, Германиянын, Италиянын, Казакстандын жана Кыргызстандын 156 фирмасы катышат. Көргөзмө-жармаңкенин алкагында товардык белги, код штрихтери боюнча семинарлар, укуктук маалымат боюнча практикалык окуулар өткөрүлөт. Мындай эл аралык биринчи жармаңке Бишкекте быйыл апрель айында болгон.


Кабарлар топтомун Бишкектен даярдагандар – Бүбүкан Досалиева жана Бакыт Аманбаев

Редактор – Жыргалбек Касаболотов
XS
SM
MD
LG