БИШКЕК. Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаттары бүгүн Баткен облусунун социалдык-экономикалык абалын иликтөө боюнча депутаттык комиссия түзүштү. Комиссия Баткен облусунан шайланган депутат Ташболот Балтабаевдин сунушу менен түзүлдү. Анын төрагалыгына депутат Эркин Бөлөкбаев шайланды. Баткен облусу 1999-жылы президенттин жардыгына ылайык түзүлгөн. Депутаттардын пикиринде, аткаруу бийлиги облус алгач түзүлгөндө анын социалдык-экономикалык абалын оңдоо боюнча берген убадасын эмдигиче аткарбай келет. Ошондуктан алар облусту өнүктүрүүгө мамлекеттен бөлүнгөн каражатты толук текшерүү зарыл деп эсептешет.